» Ата энелер мектеби»
2023- жылдын 28 — февраль күнү Токтогул атындагы №6 орто мектебинде, башталгыч класстардын окуучуларынын ата — энелерине мектеп китепканачысы менен биргеликте, жалпы ата- энелер чогулушу өткөрүлдү.
Чогулуштун максаты: ата — энелер менен биргеликте класстан тышкаркы иш чараларды өткөрүү жана даярданууга багыт берүү ;
Окуучулардын ата — энелер менен биргеликте китеп окуусун уюштуруу;
Ата — энелерге , балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тил таба билүү жолдору сунушталды.
Бул жалпы чогулушта» Ата энелер мектеби», «Окуу Керемет!»проектисинин «Таблица 1-100″,»Үй бүлөлүк окуу клубу» «Китеп куржуну» боюнча тааныштык берилип, тайпаларда иштер алып барылды.
Окуучулардын ата энелер менен биргеликте китеп окуусун уюштуруу;
Ата — энелер мектебинин негизинде 1 — класстар кенже мектеп окуучуларынын негизги ишмердүүлүгү.Ата энелер окууда балага кантип жардам берүү керек.
3 класстар эзелтеден бери келе жаткан үй бүлөлүк тарбиялоодо баары кетирген каталар
темаларынын алкагында суроо жооп ангемелешүү, пикир алмашуу болуп өттү.
Таблица 1- 100 кантип колдонуу түшүндүрүлүп, практика жүзүндө ата-энелер топтордо иштеп көрүштү.
Уй бүлөлүк окуу клубун өткөрүүдөгү каталыктар жана даярдануу жөнүндө сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, талкууга алынды.
Комментарии