Башталгыч класстар арасында сынак
Бүгүн 6- декабрь күнү башталгыч класстар арасында сынак өтүлдү.
Башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жакшыртуучу класстан тышкаркы иш- чара өтүлдү. Класстан тышкаркы иш — чаралардын максаты: *Башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугунун маанилүү экендигин коомчулукка жеткирүү;
*Мектепте жана мектептен тышкаркы иш- чараларда окуучулар үчүн өнүктүрүүчү жана шыктандыруучу чөйрөнү түзүү.
Изилдөө долбоору топто , башка бала менен же бала өзү / мугалим/ ата-эне менен жупта иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындай иш- аракет баланын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө көмөктөшөт, маалыматты чогултуу, изилдөө, анализдөө жана чыгармачыл жазуу көндүмүн калыптандырат. Эң негизгиси , балдар ар кандай жанрдагы адабияттарды окууга тартылат,а бул болсо өз кезегинде алардын китеп окуу адатын өнүктүрөт.
1- 4- класска чейин балдар өздөрү тандап алган тема боюнча изилдөө жүргүзүп ,буклет, сүрөт, китепче,газета жана макеттерди даярдашкан.
Ата- энелер да катышып бул долбоор ата- энелердин да кызыгуусун арттырганын жана балдар менен чогуу иштешип, көп маалымат топтогонго жардам беришкенин айтышты.
Ата энелер өздөрү да чыгып ,балдары менен ошол теманы жактоого жардам беришти.
Сынак 2 саатка созулуп , кызыктуу өттү.
Албетте бул жерде окуткан мугалимдердин да салымы чоң.
Акырында изилдөө долбооруна катышкан балдардын жетишкен ийгиликтери баса белгиленип,мактоо баракчасы менен сыйланышты.
Сынакта калыстар тобу акырында өз ойлорун айтып,балдардын аткарган иштерине баа беришти.Мындай иш — чаралар балдардын чыгармачылыгын өстүрө турганын баса белгилешти.
Комментарии