«Математикалык турнир»
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде башталгыч класстарда «Математикалык турнир» өткөрүлдү.14- мартта 1-2- класстар арасында.
15- мартта 3-4- класстар арасында өткөрүлдү.
Максаты:балдардын математикага болгон кызыгуусун арттыруу, математикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана функционалдык сабаттуулугун калыптандырууга көмөктөшүү.
Турнирдин башталышында үйгө берилген тапшырмаларды аткарышты.
Ал командага математикага байланышкан ат коюп,аны жактоо жана көлөмдүү геометриялык фигураларды жасоо.
Турнир 5 этаптан турган тапшырманы аткаруу менен өттү.
1.Команданын капитан командалары үчүн логикалык суроо.
2.Топтук иш. Маселенин шартын түзүп чыгаруу.
3.Топтук иш.»Чыныгы турмуштук кырдаалдарда кошуу жана кемитүүнү пайдалануу»боюнча мисалдар.
4.Топтук иш .Салмактын бирдиги — килограммды колдонуп, предметтердин салмагын табууга берилген маселе.
5.Топтук иш.Геометриялык фигуралардан мультфильмдин каармандарын жасоо.
Арасында жагымдуу маанай тартуулоо үчүн музыканын коштоосунда эс алуу көнүгүүлөрү коштоп турду.
Бул иш чарага балдар кызыгуу менен катышышты.
Калыстар тобу ар бир этаптагы тапшырманы баалап,аягында жыйынтык чыгарышты.
Комментарии