✨Кадамжай районунунда өткөрүлгөн "Манас таануу" интеллектуалдык телетаймашына,биздин мектептин "Саякбай" курама тайпасы катышып ,биринчи орунга ээ болушту? ✨Тайпанын курамын түзгөн окуучуларыбыз: 10-а класстын окуучулары Камчиева Мээримгүл,Абдурахманова Акэрке, 11-а класстын окуучулары Шергазиев Кубаныч,Ибрагимов Баястан. ✨Окуучуларыбызга жана аларды даярдап жетектеп алып барган кыргыз тили жана адабияты мугалими Умаралиева Турсунхан Абышовнага мектеп жамааты чоң ыраазычылык билдиришип чын жүрөктөн куттукташат!!!
?2021- жылдын 13-14-ноябрь күндөрүрү Баткен областында ЮНИСЕФ коому тарабынан уюштурулган мектеп окуучулары үчүн "_TECHKYZDAR" проектиси болуп өттү. ,?Биздин мектептин 9-а классынын окуучусу Анназарова Айзирек бул проектке катышып келди. ✨Айзирек бул проекте мыкты окуп катышкандыгы үчүн бир нече, сертификаттардын ээси болду.
Баткен коогалаңынын катышуучусу Алимов Кудайберди Жайчиевич менен
Токтогул атындагы #6 орто мектебинде11-март күнү , Баткен коогалаңынын катышуучусу Алимов Кудайберди Жайчиевич менен, мектеп окуучуларынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар түрдүү суроолорду узатышып маектешишти . Алимов Кудайберди Жайчиевич окуучулардын кызыккан суроолоруна жоопторду берип,аларды мекенчилдикке ,сүйүктүү шаарын сүйүүгө жана аны таза сактоого чакырып кетти.
Нооруз майрамы - 2021
Токтогул атындагы #6 орто мектебинде 19-март күнү , жаздын жарчысы "Нооруз" майрамы майрамдалды.Алгач ар бир класстарда "Салам сага,санжыралуу Ноорузум" аттуу темада тарбиялык сабактар өтүлдү.Нооруз майрамы кыргыз элинин улуттук маданиятын, баалуулуктарын чагылдырган элдик каада салттар, ыр бийлер спорттук оюндар менен коштолду.Ошондой эле улуттук тамак аштар көргөзмөсү уюштурулуп,алардын жасалышы айтылды. Урматтуу кыргыз элим келе жаткан Нооруз майрамыныздар менен куттуктаймын! Мамлекетибизде тынчтык, ар бир үйдө ынтымак,ырыскы береке болсун.

Новости

2023-жылдын 22-мартынан 25-мартына чейин Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептер арасында, мугалимдердин спорттук спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиада спорттун 4 түрү боюнча өттү: 1. Волейбол(аялдар жана эркектер командасы) 2. Тенис. 3. Тогуз коргоол. 4. Шахмат. Биздин мектептин мугалимдери да спартакиадага катышып байгелүү орундарга ээ болушту. Волейбол(эркектер командасы)🏐 1- орун🏆 Шахмат. 2-…
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде башталгыч класстарда "Математикалык турнир" өткөрүлдү.14- мартта 1-2- класстар арасында. 15- мартта 3-4- класстар арасында өткөрүлдү. Максаты:балдардын математикага болгон кызыгуусун арттыруу, математикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана функционалдык сабаттуулугун калыптандырууга көмөктөшүү. Турнирдин башталышында үйгө берилген тапшырмаларды аткарышты. Ал командага математикага байланышкан ат коюп,аны жактоо жана көлөмдүү геометриялык фигураларды…

Мы в цифрах

50
ЖЫЛ
3000
ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ
750
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
3500
КИТЕПТЕРДИН САНЫ