Новости

Токтогул атындагы №6 орто мектебинин 10-а классынын окуучусу Таштанова Топчугүл, 9-в классынын окуучулары Абдиллаева Зульфия, Мамаджанова Кантайым Республикалык сырттан өтүүчү, «Кыргызстан Баткенден башталат» аттуу дил баяндар сынагында эң активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоталар менен сыйланды.
03.02.2023 42
2023-жылдын 19-20-январь күндөрү Республикалык олимпиаданын райондук (ll) туру өткөрүлдү. Олимпиадага биздин мектептен жалпы 36 окуучу катышып, 2 окуучу 1-орун, 1 окуучу 2- орун, 1 окуучу 3- орунду камсыздап, олимпиаданын областык баскычына 3 окуучу жолдомо алышты. Ийгилик жараткан мугалимдерибизге жана окуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!
03.02.2023 91
Бүгүн 6- декабрь күнү башталгыч класстар арасында сынак өтүлдү. Башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жакшыртуучу класстан тышкаркы иш- чара өтүлдү. Класстан тышкаркы иш — чаралардын максаты: *Башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугунун маанилүү экендигин коомчулукка жеткирүү; *Мектепте жана мектептен тышкаркы иш- чараларда окуучулар үчүн өнүктүрүүчү жана шыктандыруучу чөйрөнү түзүү. Изилдөө долбоору топто , башка бала менен […]
02.02.2023 41
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде 2022- жылдын 5-декабрь күнү мугалимдер арасында «PISA-2025» даярдык көрүү боюнча кезектеги семинар болуп өттү. Семинардын максаты окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо ыкмаларын ойлоп чыгуу. Мектептин координациялык кеңештин мүчөлөрү, башталгыч класс мугалимдери , математикалык сабаттулук,окуу сабаттуулугу ,табигый илимдер боюнча суроолорду түзүшүп практикалык сабактарды өтүшүп , берилген суроо мисалдарды иштөө жолдору […]
02.02.2023 34
2022-жылдын 3-декабрында Кызыл-Кыя шаарындагы №6 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде өспүрүм балдар, кыздар арасында спорттун тогуз коргоол, шахмат, шашки түрлөрү боюнча спартакиада болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Спартакиаданын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, окуучулар арасында […]
02.02.2023 30
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде «3- декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата» досуңа жардам акциясы болуп өттү. Мектеп соц педагогу Атаханова Ш.Б жетекчилиги астында ,мектепте окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга белектер берилди жана шаарыбыздагы «Үмүт» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын окуу борборуна белектер тапшырылды.
02.02.2023 31
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде 29-ноябрь күнү кезектеги жалпы ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйын «Токтоолукка сабырдуулукка тарбияланган балдар, билимдүү жана адептүү болот» деген темада өттү. Ошондой эле окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында ата-энелерге маалыматтар берилди.
02.02.2023 28
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде 25-ноябрь күнү , USAIDдин «Окуу керемет!»долбоору сунуштаган башталгыч класстын окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган «Фин — чилистен»сынагы 4-а жана 4- в класстардын арасында өткөрүлдү. Ата-энелер баланы коомдогу өз алдынча жашоого даярдоо ата -энелердин , мугалимдердин жана аны тарбиялоого катышкан башка чоң адамдардын негизги милдеттери экенин билишти. […]
02.02.2023 27
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде 2022-жылдын 4-ноябрь күнү,мектеп соц педагогу Атаханова Ш.Б. «Балдарды тарбиялоо психологиясы» деген темада мектеп мугалимдерине семинар өттү.
02.02.2023 28
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде, 2022-жылдын 2- ноябрында PISA-2025 изилдөөсүнө даярдык көрүү максатында,мектептин координациялык кеңештин курамын түзгөн мугалимдер семинар өтүштү. Семинарда «Функционалдык сабаттуулукту арттыруу», «Окуу», «Математика», » Табигый илимдер сабаттуулугу» боюнча тапшырмалар берилип практика жүзүндө аткарылды жана ар бир сабакта колдонууга багыт берилди. Семинар мектеп директору Сарытаева Д.Т. жетектөөсү астында өттү.
02.02.2023 24
2022-жылдын 24-октябрь күнү шаар күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Биздин мектеп жамааты, өткөрүлгөн иш чарага активдүү катышып байгелүү 3-орунга ээ болушту.
02.02.2023 35
Алтын күз майрамы.
31.01.2023 29
1 / 212