Окуу керемет!
Токтогул атындагы №6 орто мектебинде 25-ноябрь күнү , USAIDдин «Окуу керемет!»долбоору сунуштаган башталгыч класстын окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган «Фин — чилистен»сынагы 4-а жана 4- в класстардын арасында өткөрүлдү.
Ата-энелер баланы коомдогу өз алдынча жашоого даярдоо ата -энелердин , мугалимдердин жана аны тарбиялоого катышкан башка чоң адамдардын негизги милдеттери экенин билишти.
Бул өзүн- өзү алып жүрүүнү ,санаганды,жазганды гана билүү эмес ,башталгыч мектеп курагында эле акча,эмгек, эмгек акы,сый акы жаатындагы элементардык түшүнүктөр менен тааныштырып,ага жеке каржыны башкаруунун алгачкы жолдору жөнүндө айтуу керектигине ынанышты.
Бул адаттар балага келечекте финансылык туура чечимдерди кабыл алууга , өз акчасын туура колдонгонго ,туура максат коюуга жана ага жетүүгө жардам берет.
Сынакка катышкан ата-энелер балдары менен чогуу иштеп сынак алар үчүн кызыктуу жана балдар үчүн пайдалуу болгонун айтышты.
Комментарии