Программалык аккредитациялоо

1. Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы1.1 Окуу планынын жана программанын билим берүү стандартынын,базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын муктаждыктарына шайкеш келүүсү
1.2 Окуу- методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
1.3 Жетиштүү маалыматтык ресурстардык (окуучулардын контингентине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду)болушу
1.4 Билим берүү программасынын мазмунун жана окутуу-методикалык камсыздоону жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн,керектөөлөрүн,канааттанууларын мезгил-мезгили менен баалоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
2 Компетенттүү окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо 2.1 Окутуунун пландалган максаттарынын болушу
2.2 Окуу-тарбия процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу
2.3Окутууну баалоодо жана оңдоп-түзөөдө кайра байланыш механизминин болушу
2.4 Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуу жетишкендиктерин баалоонун объективдүү жана ачык системасынын болушу
2.5 Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери,жол-жоболору,жыйынтыктары жана аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоосистемасынын болушу
2.6 Коопсуз.өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан жайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу,билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды пайдалануу
2.7 Ички жана тышкы баалоонун,системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы
2.8 Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына жооп берүүнүн иштелип чыккан жана киргизилген жол-жоболорунун болушу
3.1 Кадр саясатынын натыйжалуулугу 3.1 Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
3.2 Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү,ошондой эле билим берүү процессинин катышууучуларынын өз ара мамилелерин баалоону,анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
3.3 Педагогикалык үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү,алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу
4.Материалдык-техникалык база 4.1 Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары,лабораториялар,компьютердиккласстар,спорт зал)болушу
4.2 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук талаптарын (экологиялык,сани тардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер менен ченемдер,өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун жана коопсуздук техникасынын эрежелери)сактоо
4.3 Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо,баалоо,талдоо жана пландоо механизминин болушу